Раззаков шаарында консерва цехинин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Раззаков шаарынын «Стандарт» тилкесинде жайгашкан консерва цехинин 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.
УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,76 га, базар баасы 60 млн.800 миң сом болгон аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү