Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берди.
Равшанбек Сабиров Жогорку Кеңештин экс-депутаты, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Анын ордуна Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Министрдин милдетин аткаруучулуктан бошотулуп, Сабиров министр болуп дайындалды.
Сүрөт: Интернет булактарынан