Равшанбек Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Аталган  кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Равшанбек Сабиров Жогорку Кеңештин экс-депутаты, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Сүрөттө: Равшанбек Сабиров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты