Равшан Жээнбеков ооруканага дарыланууга жиберилди
- 2 года мурун
Абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканага дарыланууга жиберилди. Бул тууралуу анын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева билдирди.
“Равшан Жээнбеков боорун дарылатуу үчүн ооруканага жиберилди. Ал айрыкча укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын-алуу улуттук борборуна, ЖМКга дарылоого жиберилишине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет” деди Кудайбердиева.
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Камалгандардын арасында Равшан Жээнбеков да бар. Ал №1СИЗОдо камакта жаткан,
Муну бөлүшүү