Равшан Жээнбеков: “Бийликтин булагы эл экенин эл эртели-кеч түшүнөт”

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-апрелде, Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасына бийликтин булагы эл экенин, муну кайсы бийлик болбосун, эстен чыгарбашы керектигин белгиледи.  

“7-апрель окуясы элдин адам өлтүрүүгө, мыйзамсыз камоолорго, жеке менчикти тартып алууга, үй-бүлөлүк башкарууга, эркиндиктин муунтулушуна, жумушсуздукка жана жакырчылыкка реакциясы болгон. Бийликтин булагы эл экенин эл эртели-кеч түшүнөт. Кайсы гана бийлик болбосун муну эстен чыгарбашы керек” деди Равшан Жээнбеков.

Бүгүн, 7-апрелде, Апрель революциясына 15 жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты