Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

  • 3 года мурун

«Кой-Таш» окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан эмес. Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. 2021-жылдын август айында кайрадан камакка алынды. Саясатчы өзүнө карата ачылган кылмыш ишин саясий куугунтук деп келет. 

Быйыл ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Равшан Жээнбековду БШК талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты