Райондук сот Жоомарт Карабаевдин кысымга кабылгандыгы боюнча ишти кайра тергөөнү тапшырды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 12-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин соттук отуруму өттү.

Жоомарт Карабаевдин басым-кысымга кабылганы тууралуу арызын Аскер прокуратурасы териштирип, кылмыш ишин козгогон баш тарткан. Анын жактоочусу Акынбек Ногоев бул боюнча райондук сотко кайрылган. «Жоомарт Карабаевдин кысымга алынгандыгы Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон эмес. Сот тергөө толук кандуу жүргөн эмес деп, Аскердик прокуратуранын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөнү тапшырды», — деди жактоочу.

Эске салсак, Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын тапшырмасы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан эле.

Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган. 

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 18-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирген. 

31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты