Райондук сот Айжан Алыкулованы өлтүрүүгө айыпталган Дамировду 15 жылга соттоду
- 5 дней мурун
Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Айжан Алыкулованы өлтүрүүгө айыпталган Кирилл Дамиров аттуу жаранды 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
38 жаштагы Айжан Алыкулова Кирилл Дамиров менен жарандык никеде жашай баштагандан көп өтпөй каргашалуу окуя, 2024-жылдын 24-февралга караган түнү болгон. Бишкектеги өзүнүн батиринде Айжан Алыкулованын сөөгү мыкаачылык менен өлтүрүү белгилери менен табылган.
Анын өлүмүнө байланыштуу 34 жаштагы Кирилл Дамиров шектүү катары кармалган. Дамировго кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун («Адамды мыкаачылык менен өлтүрүү») негизинде айып коюлган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар 2024-жылы 23-февралдан 24-февралга караган түнү урушуп кетишкен.
Биринчи май райондук сотунун отурумунда Кирилл Дамиров кылмышты жарым-жартылай гана мойнуна алган жана Айжан Алыкулованын үй-бүлөсүнөн кечирим сураган.
Айжан Алыкулова беш чет тил билген, ийгиликтүү айым болгон, анын артында 13 жашар уулу калды.
Сүрөттө: Айжан Алыкулова. Интернет булактарынан