Айтурган Маматкулованын өлүмү: Күйөөсү 3 жыл пробация режими менен кесилди
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча анын күйөөсү Н.Т.Н. ны 5 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл пробация режими менен жаза чегерди. Чечим 2-июлда чыккан, ал эми райондук соттун басма сөз кызматы бул тууралуу 18-августта белгилүү болду.
25 жаштагы Айтурган Маматкулованын күйөөсү кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган. Ал беш жылга эркинен ажыратылып, 3 жыл пробация режими менен жазасын өтөмөй болду.
30-августта Октябрь райондук ички иштер бөлүмү маркумдун жолдошун кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинин негизинде иш козгоп, кармаган.
Айтурган Маматкулова 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.
Социалдык тармактарда Айтургандын видео тасмалары жарыяланып, анда ал буга чейин кандай зомбулук көргөнү тууралуу айтылган.
Маркумдун жакындары ал дары ичип алып, өз жанын кыюуга барды дегенге ишенбей тургандарын, ал күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапкан деп айтып чыгышкан.
Сүрөт: Интернет булактарынан




