Кызамык дарты боюнча кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Дарт 8 баланын өмүрүн алды
- 1 месяц мурун
Өлкөдө кызамык дарты боюнча өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жыл ичинде кызамыктан алты өлүм катталса, быйылкы жылдын январь жана февраль айларында эле бул оору сегиз баланын өмүрүн алган.
Бул тууралуу 18-мартта президенттик администрацияда саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, ички иштер жана маданият министрликтеринин жетекчилеринин, облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференцияда сөз болду.
Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облустарында кызамык оорусунун өсүшүнүн кооптуу тенденциялары талданды.
Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жыл ичинде алты өлүм катталса, быйылкы жылдын январь жана февраль айларында эле бул оору сегиз баланын өмүрүн алган. Бул кабыл алынгыс нерсе. Ар бир райондун жетекчиси коңгуроо кагып, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алышы керек. Биз эмдөө менен жалпы камтууну камсыз кылуу боюнча күч-аракетибизди күчөтүшүбүз керек,-деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Кеңешмеде кызамык дартынын мындан ары жайылышынын алдын алуу боюнча кошумча чараларды киргизүү тапшырмасы берилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү