Райондук ИИБдерге жаңы жетекчилер дайындалды
- 1 месяц мурун
Ички иштер министри Улан Ниязбековун буйругуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана башка райондук ИИБдерде жаңы жетекчилер дайындалды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ички иштер министринин буйругуна ылайык төмөнкү ИИБ башчылары дайындалды:
— Түкебаев Тилек Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;
— Дүйшекеев Эрназар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ башчысы;
— Аттокуров Талантбек Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБ башчысы;
— Аалиев Уланбек Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБ башчысы;
— Абиев Жумгалбек Чүй облусунун Москва районунун ИИБ башчысы;
— Бекишов Акылбек Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды.
Ички иштер министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) бир катар жетекчилери кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы кемчиликтери жана кол алдындагыларга көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн кызматтарынан бошотулган.
Сүрөт: ИИМ