Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ башчысы Эмирлан Зарылбек уулу кызматтан бошотулду
- 1 месяц мурун
Ички иштер министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) бир катар жетекчилери кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы кемчиликтери жана кол алдындагыларга көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн кызматтарынан бошотулган:
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу, коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков, кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев кызматтан бошотулду.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми бул кызматкерлерге тартип жазасы берилди:
— Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана анын орун басары Айбек Темирбаев;
-жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев;
-кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев;
-кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алманбет Алибеков;
-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Ибрасулов;
— РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Молдобаев;
-РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Марат Раззаков;
-РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Жамгырчиев.
Ошондой эле, Октябрь РИИБдин №3 жана №4 шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары Чынгыз Намазалиев жана Сталбек Токтогазиевге тартип жазасы берилди.
Сүрөттө: Зарылбек уулу Эмирлан. Интернет булактарынан