QR-код аркылуу зекет жана битир-садага төлөө мүмкүнчүлүктөрү ачылды

  • 4 недели мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде зекет, битир-садага жана садага төлөмдөрүн «Finik» төлөм платформасы аркылуу QR-код менен кабыл алуу системасын ишке киргизди.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Аталган система адиси Эсен Сагынов жаңы төлөм системасынын иштөө принциптери жана артыкчылыктары боюнча кенен маалымат бергени айтылды. Ал QR-код аркылуу төлөмдөрдүн түздөн-түз жеке эсепке түшүп, ар бир тыйындын туура дарекке жетишин камсыздай турганын белгиледи. «Finik» мобилдик тиркемеси аркылуу бардык төлөмдөрдүн толук маалыматын заматта көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Муфтият «Finik» платформасын өлкө боюнча жайылтуу үчүн иш-чаралар мындан ары да уланарын билдирди.

Сүрөт: muftiyat.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты