Путин  сырттан кимдир-бирөө Украинадагы абалга кийлигишсе,  «чагылгандай сокку» уруларын белгиледи

  • 2 года мурун

Орусиянын Президенти Владимир Путин «сырттан кимдир бирөө» Украинадагы абалга кийлигишип, Орусия үчүн стратегиялык мүнөздөгү коркунуч жаратса, Москва «чагылгандай сокку ура турганын» эскертти.

Санкт-Петербургда мыйзам чыгаруучулар кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөгөн Путин ыктымал соккуларды «жооптук чара» деп атап, ал боюнча алдын ала бардык чечимдер кабыл алынганын белгиледи. «Жооптук чара» термини аскердик доктринада өзөктүк куралга байланыштуу колдонулат.

Ал Орусиянын каршылаштарында жок курал жөнүндө кеп кылып, 24-февралдагы эскертүүсүн дагы бир жолу кайталады. Украинага кол салуусун түшүндүргөн андагы билдирүүсүндө Путин, эгер чет өлкөлөр аралашса «анын кесепети тарыхта болуп көрбөгөндөй болорун» эскерткен.

Владимир Путин «Украинадагы жана Донбасстагы аскердик атайын операция» улантыларын, бардык милдеттемелер аягына чыгарыларын белгиледи. Анын ичинде Орусиянын, аннексияланган Крымдын жана «ДНР» менен «ЛНР» деп аталган жикчил аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун атады.

Орусия өзү «атайын операция» деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.

Согуштук аракеттерден эки тараптан тең, аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыз кылуусун жана Орусияга санкция салуусун күчөтүп жатат. Ошентсе да өздөрү Орусия менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдиришүүдө.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты