Путин Шойгуну коргоо министри кызматынан бошотту. Анын ордуна Андрей Белоусов сунушталды

  • 2 месяца мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Сергей Шойгуну коргоо министри кызматынан бошотту. Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.  Бул кызматта 2008-жылдан бери иштеген Николай Патрушев башка кызматка кетээри айтылууда.

Сергей Шойгу Коргоо министри болуп 2012-жылдан бери иштеп келген.  

Владимир Путин Андрей Белоусовду Коргоо министри кылып дайындоого сунуш берди. Федерация кеңеши ал сунушту 13-14-майда карайт.  2013-жылы Андрей Белоусов Орусия президентинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.  

Сүрөттө: Сергей Шойгу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты