Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды
- 6 месяцев мурун
Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги жактырылды.
Буга чейин Руслан Мукамбетов Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сүрөт: Руслан Мукамбетов. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




