Путин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү буюрду

  • 2 года мурун

Президент Владимир Путин Орусиянын ядролук ооздуктоочу күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берди. Ал мындай чечимин 27-февралда Орусиянын жогорку расмий жетекчилери менен жолугушуусунда жарыялады.

«Силер көргөндөй, Батыш мамлекеттери биздин өлкөгө каршы экономика тармагында достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТО өлкөлөрүндөгү жогорку кызматтагы адамдар биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясынын ооздуктоочу күчтөрүн аскердик нөөмөт өтөөнүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берем» деди Путин.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд орус президентинин бул буйругун «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

«Бул президент Путин бул согушту такыр кабыл алынгыс түрдө күчөтүүнү улантып жатканын туюндурат жана биз анын аракеттерин болушунча катаал чаралар менен ооздуктоону улантышыбыз зарыл» деди Линда Томас-Гринфилд.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Төрт күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Сүрөт: APR.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты