Кыргызстан-Россия: Бир катар документтерге кол коюлду

  • 2 недели мурун

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-ноябрда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.  

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россияын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;

Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;

Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 Кыргыз Республикасы менен Россиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты