Путин 6-декабрда чет өлкөлүк сапарга чыгат

  • 5 месяцев мурун

Орусия президенти Владимир Путин 6-декабрда Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарына барат. Анын эртеси Москвага кайтып, Иран президенти менен жолугат.

Кремль 5-декабрда кабарлагандай, жолугушууларда эки тараптуу мамилелер жана палестин-израил жаңжалы талкууланат. Москва мунай рыногундагы маселелер да “ар дайым күн тартибинде” турганын билдирди.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Ордер берилгенге чейин деле Путин чет өлкөлүк сапарларга көп чыкпаса да, андан бери саякатын кыскартты.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты