Пусандагы эл аралык кинофестивалда “Курак” тасмасы эки сыйлык алды

  • 9 месяцев мурун

17–27-сентябрда Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүндөгү эң ири Пусан эл аралык кинофестивалында кыргыз кинематографисттеринин жоон тобу катышып, “Курак” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду.

Даректүү тасмалардын “Кең бурч” программасында Самара Сагынбаева “Кооп коңгуроосу” тасмасын көрсөтсө, “Азиялык көз караш” конкурсунда Эрке Жумакматова жана Эмил Атагелдиевдин “Курак” тасмасы “Бангладеш – Июль мемориалдык” жана Ким Жисеок атындагы сыйлыктарга татыды.

Томирис Орозоева “Убакыт чөлүндө” долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Дастан Жапар Рыскелди “Бөбөктөй илешкек” долбоорун Asian Project Market’те тааныштырды.

Бишкек эл аралык кинофестивалы Asian Vision конкурсунун расмий өнөктөшү болуп, Кыргызстандын атынан индонезиялык “Кучагында отуруу” фильмин сыйлады. Улан Адамалиев бул тасманы энелердин кайратын чагылдырган терең чыгармасы үчүн жогору баалады.

Пусан кинофестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун тажрыйба алмашуусунун эң ири аянтчасы. Кыргыз киночуларынын катышуусу улуттук кинонун эл аралык абалын чыңдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты