Психотроптук заттарды алып кирүүгө аракет кылган чет өлкөлүк 14 жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Манас” бажы постунун кызматкерлери менен бирге чет өлкөлүк жарандар тарабынан психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 14 чет өлкөлүк жаран кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600 таблетка, 150 капсула жана 10 спрей алынды.

Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты