Психотроптук зат сатып жүргөн интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ)  баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы агенттигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) менен бирге психотроптук заттарды ири өлчөмдө саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармады.

Маалыматка ылайык, «В» Интернет дүкөнү өз каналы аркылуу «Telegram» мобилдик тиркемесинде кардарлар менен кат алышуу аркылуу баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында «кыстарма» деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып турган.

«Telegram» мобилдик тиркемесинде «В» онлайн дүкөнүнүн 1000ден ашык жазылуучусу болгон. М.А., аттуу жаран интернет-дүкөндүн уюштуруучусу, оператору жана курьер да болуп чыккан.

12-апрелде Бишкек шаарынын аймагында жогорудагы кылмышка шектүү 1999-жылы туулган М.А. кармалган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө М.А., өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизага ылайык, жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар “метамфетамин” психотроптук зат болуп аныкталган.

3-майда кармалган М.А,  кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИБ убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты