Психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүүгө шектүүлөр камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен бирге күчтүү таасир этүүчү баңги заттарды өлкө аймагына ташып келүү менен шугулданган кылмыштуу топтун аракеттерине бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Казакстандан Кыргызстанга күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди тиешелүү уруксат кагаздары жок алып кирүү учурунда А.М.Ш аттуу КР жараны кармалды. Колго түшкөн каражаттарды атай кетсек: «Тропикамид» 288 таңгак, «Мидакс» 2160 даана жана «Лирика» 230 таңгак. Булардын баары адамдын ден соолугуна күчтүү таасир этүүчү психотроптук каражаттар экени аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында психотроптук каражаттарды сатуу боюнча ортомчулары жана уюштуруучулары КР жарандары — А.М.Ш., Ж.У.Э., Ж.У.М. жана З.У.А. кармалып, Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты