Психатрия жана наркология борборунун алты дарыгери коррупцияга шектелип кармалды
- 1 месяц мурун
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психатрия жана наркология борборунун соттук-психатриялык эксперт дарыгерлери оор кылмыштарга айыпталган адамдарга акчалай компенсация алуу үчүн “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк берүүгө шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 2025-жылдын ортосунда Республикалык психатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталып, натыйжада алар туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга эки жолу “акыл-эси жайында эмес” деген корутунду чыгарып беришкен.
2025-жылдын 10-декабрында аталган кылмыш ишинин алкагында Республикалык психатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери — 1950-жылы туулган А.Ж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалды.
Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иши улантылууда.






Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан




