Прокуратура жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору биринчи окууда талкуусуз кабыл алынды

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 1-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору биринчи окууда талкуусуз кабыл алынжы.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

“Негизги максат – Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, ички коллизияларды жоюу, мамлекеттик жана расмий тилдердеги кээ бир айырмачылыктарды бири-бирине дал келтирүү жана укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорду жакшыртуу” деди башкы прокурор.

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты