Прокуратура тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору кабыл алынды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратура жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору дагы үч окууда колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Садыр Жапаров “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык ички иштер министрлиги укук бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу (ээси) катары аныкталды.
Башкы прокуратура белгиленген тартипте ички иштер министрлигине катталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча ишти жүргүзүү боюнча функцияларды тиешелүү штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп бермекчи.
“Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “УБР” АМС) ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилет.
Сүрөт: kenesh.kg