Прокуратура: Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекетке 154 млн ашуун сомдук зыян келтирген

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан шаардын мэриясына караштуу “Бишкек автотранспорт» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 млн. 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобуст сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кынат пайдаланып, башкалардын катышуусун атайы чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда «ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD» компаниясы менен 1 даанасы 91 000 АКШ доллары, жалпы суммасы 10 920 000 АКШ доллары болгон 120 даана жүргүнчүлөрдү ташуучу чоң сыйымдуулуктагы автобус алып келүү боюнча келишим түзүшкөн.

Мындан тышкары конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен, келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргыз Республикасынын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген.

Натыйжада бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 339,5 АКШ долларын түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи конкурстун катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 889,5 АКШ долларына, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 906 740 АКШ долларына же 154 млн. 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн.

Ошондой эле ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан туруп, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан,муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. өзү мыйзамсыз түрдө «ZH.B.H. CO LTD» компаниясына келишимдик баанын 10% же болбосо 1 092 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты алдын ала которуп жиберген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 339-беренеси (“Атайылап пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты