Профессор Мэлс Артыкбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-майда, Чоң-Арык айылында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор Артыкбаев Мэлс Табалдыевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. 

Мэлс Артыкбаев 19-майда узакка созулган оорудан кийин, 82 жашында дүйнө салды.

Артыкбаев Мэлс Табалдиевич 1939-жылы 20-декабрында Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган.

1958-жылы орто мектепти аяктап, 1967-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетииин тарых факультетинде окуган, ал эми 1967-1971-жылдары Фрунзедеги политехникалык институттун философия кафедрасында окутуучу жана бир эле учурда Фрунзедеги политехникалык институттун комсомол комитетинин бошотулган катчысы болгон.

1971-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргьгз улуттук университетинде эмгектенип келди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты