Профессор Алымбай Токтосопиев дүйнөдөн кайтты  

  • 11 месяцев мурун

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Алымбай Токтосопиев 2025-жылы 7-июлда 72 жашында көз жумду.

Бул тууралуу агартуу министрлиги кабарлады.

Алымбай Токтосопиевдин сөөгү бүгүн, 8-июлда, өзү туулуп-өскөн Чоң Өрүктү айылында жерге берилди.  

Алымбай Токтосопиев 1953-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. 1975-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (ПГПИ), 1984-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун аспирантурасын бүтүргөн.

Эмгек жолун Пржевальск педагогикалык институтунда жана Томск политехникалык институтунда улук лаборант, инженер, улук инженер болуп баштаган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, участок башчысы, лаборатория башчысы болуп иштеген. Андан ары Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалаган. 2001-жылдан тартып РУФИнин директору болуп эмгектенген.

2005–2010-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунда илимий ишин улантып келген.

Жалпысынан 42 жыл эмгектенип, анын ичинен 22 жылдан ашык убактысын илимий-педагогикалык ишмердүүлүккө арнаган. Ал арада 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын жана 2 окуу китебинин автору болгон.

Агартуу министрлиги Алымбай Токтосапиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты