Профессор Абдрасул Калжикеев кесипкөй жана адамгерчиликтүү устат болчу    

  • 1 год мурун

Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдрасул Калжикеев узаккка созулган оорунун айынан 73 жашында дүйнөдөн өттү. Анын сөөгү 15-ноябрда жерге берилди.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы кесиптештери Абдрасул Калжикеевдин кесипкөй, адамгерчилиги жогору инсан, жаш дарыгерлердин бир канча муунун тарбиялаган чыныгы устат болгонун белгилешти.  

Абдрасул Мусатаевич Калжикеев 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл аймагына кирген Көөчү айылында туулган. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна кирип, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, жогорку категориядагы врач Абдрасул Калжикеев окутуучулук ишин илимий ишмердик менен айкалыштырган, кесиптештеринин арасында зор кадыр-баркка ээ болгон адам катары элеси эсте болорун кесиптештери белгилешти.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты