Пригожиндин сөөгү Санкт-Петербургда жерге берилди

  • 8 месяцев мурун

«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду.

Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү.

Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти.

«РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты.

«Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурда болгон Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты