Санкт-Петербургда КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Президент Садыр Жапаровду, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь президенти Александр Лукашенкону, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары үчүн программанын башында мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулду. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү.

Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты