Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
- 3 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргени маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, «Пулково» эл аралык аэропортунда Садыр Жапаровду Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптардын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашууга жана Биримдик жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2024-жылдын жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.