Президенттин маалымат катчысы «Клооп» менен «Темиров лайвдын» иликтөөсүнө жана Мелис Аспековдун видеолоруна комментарий берди
- 1 месяц мурун
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Клооп» медиасы, журналист Болот Темиров, Мелис Аспеков жана Тилекмат Күрөңов бир эле учурда “Президент жана анын үй-бүлөсү элдин байлыгын басып алды, тоноп жатат”, – деген мазмундагы каралоо материалдарын жарыялап жатышканын айтып чыкты. Ал бул билдирүүсүн өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялады.
Ал өз билдирүүсүндө: «Булардын жарыялаган материалдарында бир дагы далил, тастыкталган документ жок. Болгону, “ушинтип уктук, элдер айтты, ошондой деп ойлойбуз”, – деген ушактар менен даярдалган»,- деп айткан.
Эске сала кетсек, кечээ, 31-октябрда «Клооп» менен «Темиров лайв» биргеликте «Тигүү падышалары. Мадина базарын президенттин достору менен туугандары кантип басып алышкан» деген аталыштагы иликтөө жарыялашкан. Иликтөөдө журналисттер азыркы учурда бул базар мурдагы контрабанда падышасынын уулу Хабибулла Абдукадырга таандык экенин, ал президенттин уулу Рустам Жапаровдун достору менен бизнес жүргүзөрүн аныкташкан.
Ал эми активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасына камакта жаткан Мелис Аспековдун видеолорун жүктөп турган. Анда камактагы Мелис Аспеков «Райым Матраимовдон Садыр Жапаров 3 млн. $ алганы бул 100% чындык», «Садыр Жапаров шайлоого Сооронбай Жээнбековдон 10 млн. $ алгандын чындыгы» жана «Камчы Көлбаевди Садыр Жапаров эмне үчүн өлтүргөн» деген 3 бөлүктөн турган видеокайрылуу жасаган.
Фейсбук баракчасында Орунбеков «алардын “мамлекетти тоноп жатат” деген такталбаган айыптоолору менен реалдуу цифраларды салыштырып айтып берейин» деп, өлкөдөгү болуп жаткан иштерди санап: «Мунун баары Президент Садыр Жапаров жана анын командасынын ак ниет менен иштеп жатканынын натыйжасы»,- деген. Ошондой эле ал «бузукулук менен алек болгон беш-алтоосу оюуна келгенди айтып койсо, аны “ичинде ит өлүп калган” анча мынчасы жыргап бөлүшүп, таратып жатканын байкап жатканын» билдирген.
Сүрөт: интернет булактары