Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөртө турганын айтты

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы жылдан баштап фамилиясын өзгөртө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары айтып коёюн, жаңы жылдан баштап мен Нурланбек Тургунбекович болбойм, Нурланбек Тургунбек уулу болом. Депутат Мирлан Самыйкожо менен бирге долбоорду демилгелеп жатканда аты-жөндү нукура атоону максат кылганбыз. Мындай аракет келечегибиз үчүн өтө маанилүү», — деди төрага.

Жыйында фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоору каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты