Мамлекеттик гимндин жаңы тексти жана музыкасы боюнча 234 жарандан сунуш түштү

  • 4 недели мурун

Бүгүнкү күндө кайрылып келген жарандардан 16 долбоор катталып, кабыл алынды. Ал эми электрондук дарекке 234 жарандан 401 кайрылуу жана сунуштар келип түшүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү маселеси каралды жана жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, өзгөртүүлөр менен комиссиянын иштөө мөөнөтүн 21-апрелге чейин узартуу сунушталууда.

Муну менен катар баяндамачы аталган токтомду ишке ашыруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерге токтолду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун кабыл алуу боюнча техникалык жумушчу топ түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты