Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимндин жаңы үч вариантын тең четке какты
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы үч варианты тең четке кагылды.
Комиссия сунушталган 900дөн ашык эмгектин ичинен үч вариантты тандап алган.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев гимндин текстинин жана музыкасынын үч вариантын тең четке кагууну сунуштады. Бул тууралуу 27-январда аталган комитет да үч вариантты тең жактырган эмес.
Жогорку Кеңеш тандалып алынган үч вариантты тең четке кагуу чечимин кабыл алды. Ал эми мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык адистештирилген комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирди.
Сүрөттө: 29-январдагы парламенттик жыйында. kenesh.kg




