Президенттин кудасы, депутат Түмөнбаев мамлекет башчыны айланасын кошоматчылардан тазалоого чакырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат, Президент Садыр Жапаровдун кудасы Акылбек Түмөнбаев Президентти айланасын кошоматчылардан тазалоого чакырды. 

-Урматтуу Садыр Нуркожоевич, бул трибунадан сизге да кайрыламын. Сизге азыр чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Жаңы түзүлгөн башкаруу системасына ылайык, Президенттин жоопкерчилиги жана милдеттери чоң. Саясатыңызды иш жүзүнө ашырууда кадр тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңуз керектигин баса белгилегим келет. Азыркы күндө сизди жандап, резюме көтөрүп, кошомат кылган ар бир адамга өтө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырамын. Буга чейин башчыларды сазга батыргандар азыр дагы сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөндүгүн коомчулук сөз кылууда,- деди депутат Түмөнбаев.

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат.

Депутат Акылбек Түмөнбаев бир мандаттуу №23 Ак-Суу округунан депутат болуп шайланган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты