Президенттин карындашы Лаззат Нуркожоева турмушка чыгууда  

  • 1 год мурун

Президенттин карындашы Лаззат Нуркожоева спортчу Амантур Исмаиловго турмушка чыгууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазылып, кыз узатуу тою өткөнү маалымдалды.

Лаззат — президенттин иниси Дөөлөт Жапаровдун кызы. «Кыргызстан сулуусу — 2020» сынагынын жеңүүчүсү, өзүнүн кийимдер брендин негиздегени белгилүү.

Болочок күйөө бала Амантур Исмаилов Париж олимпиадасынын катышуучусу.  2024-жылы 8-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиадада күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашта азербайжандык атаандашы Хасрат Жафаровго 0/8 эсебинде утулуп, коло медаль ала алган эмес.

Үйлөнүү тою 21-февралга белгиленип жатканы айтылууда. Спортчу Амантур Исмаилов үйлөнүү тоюна аз калганын билдирген.

Сүрөттө: Лаззат Нуркожоева. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты