Дөөлөт Жапаров: «Кызымдын иши үчүн эл катары эле насыя алдык»

  • 2 года мурун

«Кыргызстан сулуусу — 2020» сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева өзүнүн кийимдер брендин негиздеди. Бренддин алгачкы көргөзмөсү кечээ, 28-ноябрда Бишкектеги Sheraton мейманканасында өттү.

Лазат Нуркожоева «Супер ТВ» каналына берген маегинде үй-бүлөсү менен кийим өндүрүү тармагында көптөн бери жүргөндүктөн өзүнүн брендин негиздөө идеясы мурдатан эле болгонун билдирген.

Ошондой эле ал өз ишин баштоого ата-энеси каржылык колдоо көрсөткөнүн айтты.

Ал эми атасы Дөөлөт Жапаров кызынын бизнеси үчүн насыя алышканын билдирди.

«Демөөрчү болгондо […] кредит алдык. Кредит алганда, эл президенттин туугандары мамлекеттик банктан 4%, 6%, 9%дык кредиттерди алса керек деп ойлоп калышы мүмкүн. Бирок биз кадимки эле коммерциялык банктан эл катары эле кредит алдык. Жакшы эле сумма алдык», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Дөөлөт Жапаров — президент Садыр Жапаровдун иниси.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты