Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Манас” ордени менен сыйланды
- 2 месяца мурун
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун республика боюнча турак үйлөрдү куруу боюнча ишине көмөк көрсөткөндүгү, “Каракол” эл аралык аэропортунун курулушуна кошкон салымы жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев сыйланды.
Ошондой эле Абдиласизов Алишер — “ДорСтрой групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык директору, Акматов Алмаз — президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын директору, Балтабаев Темирку -л “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы ж.б. сыйланды.
Президент Садыр Жапаров эмгеги элге сиңген, бир катар көрүнүктүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.