Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун атына жамынып, көз боемочулук аракеттерге баргандардан сак болууга чакырды

  • 4 месяца мурун

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов Садыр Жапаровдун атына жамынып, социалдык тармактарда ар кыл көз боемочулук аракеттер болуп жатканын Фейсбук баракчасында эскертти.

-Урматтуу социалдык тармактардын колдонуучулары, акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атына жамынып, социалдык тармакта ар кыл көз боемочулук аракеттерге баргандар чыгууда.

Алар аз каражат салып, кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

Президент Садыр Жапаров социармак аркылуу эч кандай сынак же дагы башка пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз,-деди басма сөз катчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты