ИИМ Ысык-Көлдө дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышын өткөрүү боюнча жарандарды чагымчылдыкка алдырбоону эскертти
- 2 недели мурун
- Баяндар
Ички иштер министрлиги соцтармактарда эки маселе, бири Дүйнөлүк F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын айланасындагы билдирүүлөр жана чет өлкөлүк жумушчуларга карата мамиледе чагымчылдыкка алдырбоону эскертти. «Жоопко тарта баштаганда адаттагыдай эле “Жөн эле жоопко тартып атат” деп кыйкырып чыкпагыла» деди ИИМ.
-Эки учурга тең эскертүү берип коюуну туура көрдүк. Алсак, суудагы “Формула-1” катары таанылган Дүйнөлүк F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын айланасындагы билдирүүлөр. Бул ири эл аралык деңгээлдеги иш-чара быйыл Ысык-Көлдө өткөнү турат. Буга чейин Европанын, Түштүк-Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын мамлекеттеринде өткөрүлүп келген.
Эми биринчи жолу мындай эл арлык деңгээлдеги престиждүү делген мелдеш Кыргызстанда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан биздин мамлекетте өткөнү турат. Болбосо мындай мелдештерди өз өлкөсүнө алып келүүнү талашкан өлкөлөр толтура болду. Бирок уюштуруучулар Кыргызстанды тандады. Бул да болсо мамлекетибиз ишенимдүү өнүгүү жолунда баратканынан кабар берет. Анткени мындай деңгээлдеги иш-чараны уюштуруучулар дагы коопсуздук жагы кандай, инфратүзүмү кандай, экономикасы кандай деген өңдүү критерийлер менен карашат. “Экологияга, көлгө зыян алып келет” деп популисттик менен элди удургутуп жаткан билдирүүлөр дагы суу кечпейт. Анткени жарышка катыша турган бир моторлуу кайыктар заманбап келип, майлары акпагандай жабдылган,-деди ИИМ.
-Бул чемпионат кырк жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде, анын ичинде биздикиндей эле болгон туюк көлдөрдө да өткөрүлүп, бир да жолу экологиялык зыяны тууралуу факты болбоптур. Муну ошол соцтармакты колдонгондор интернетти карап изилдеп көрсө деле болмок. Демек, максаттары деле экология эмес, жеке өздөрүн пиар кылуу десек болот. Экологияга жогорку бийликтегилер башка жарандарыбыздан кем калбай күйөт. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана көзөмөлү менен ИИМдин экология жана туристтик милициясы, ӨКМдин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин кызматкерлери беш жылдан бери Ысык-Көл жана башка көлдөрдү торлордон жана таштандылардан тазалоо боюнча жигердүү иш алып барууда. Миңдеген чакырым торлор, миңдеген тонналаган таштандылар алынып чыкты, -деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” катары таанылган Дүйнөлүк F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын айланасында каршы пикирлер арбын жазылууда. Алар Ысык-Көлгө мындай жарыш зыян алып келээрин билдирүүдө
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошондой эле соцтармактын кыргыз сегментинде улут аралык кастык, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр, анын ичинде чет өлкөоүк жумушчулар боюнча ар кыл пикирлер орун алып жаткандыгы боюнча да билдирүү жасады.
-Учурда буга чейин Президентибиз айткандай, мамлекетибизде ири эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлор, масштабдуу обьектилер ишке ашырылууда. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, Асман шаары, ири энергетикалык “Камбар-Ата – 1”, жана башка экологиялык обьектилер курулууда. Анан аларга сөзсүз адистер, жумушчу күчү керек болот. Алар ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жери жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, биздин көзөмөлдө турат. Долбоорлор бүткөндө кайра эле кетишет. Эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы бүтсө, айрымдары 2035-жылдары бүтөт. Ошондуктан, жарандарыбызга маалыматтарды таратууда этият болууну, чын-төгүнүн аныктап билип алып, анан талдоого алууну сунуштайбыз. Жоопко тарта баштаганда адаттагыдай эле “Жөн эле жоопко тартып атат” деп кыйкырып чыкпагыла.
Мыйзам чегинен чыгып, чагымчылдыкка алдырбоону суранабыз, -деди Ички иштер министрлиги.




