Президенттик кортежди кол булгалап тосуп-узаткан окуя териштирилет

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында жергиликтүү тургундардын президенттик кортежди көчө боюнда кол булгалап узатып жаткандыгы боюнча кызматтык териштирүү жүрөт.

Бул боюнча Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24 kg интернет басылмасына билдирди.  

“Бүгүнкү Жалал-Абад  облусундагы окуя боюнча, анын ичинде жергиликтүү калк президенттик кортежди  тосууга өз ыктыяры менен чыктыбы же жокпу,  кызматтык териштирүү жүрөт.  Президент мындай демилгелерге каршы турат” деп билдирди Эрбол Султанбаев.   

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунда иш сапары учурунда Сузак районунун Барпы айылында жергиликтүү тургундар тизилип алып, президенттик кортежди желек булгалап тосуп турган видео социалдык тармактарда тараган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты