Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-июлда, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, «Манас» эл аралык аэропортунда Монголиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

Улуттук кийимчен кыздар Ухнаагийн Хурэлсухту тосуп алып, ага гүл, боорсок менен бал тартуулашты.

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, алар кыргыз жана монгол музыкалык чыгармаларын аткарышты.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты