Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды
- 2 месяца мурун
Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, П.Б.М. кызмат абалынан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системалуу түрдө акча алгандыгы аныкталган. Аталган кызматкер 21 миң сом суммасындагы акча каражаттарын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда кармалган. П.Б.М. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын жарандыгы чет өлкөлүк жарандарга президенттин жарлыгы менен гана мыйзамда белгиленген мамлекеттик алымдардан тышкары акысыз негизде берилери белгиленди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




