Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы пара талап кылуу фактысы боюнча президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” кармалганын билдирди.

Ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон кишилерди тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.

Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда алуу максатында, соттолгон кишинин маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү параны алып жаткан жеринен А.Т.Б. кармалды. Ал жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды
Сүрөттөр: Кармоо учурунда. УКМКнын басма сөз кызматы тарабынан берилди.
Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды
Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды
Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды
Президенттик  администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты