Президенттик администрацияда төрт башкармалык түзүлдү жана башчылар дайындалды
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров 18-октябрда президенттик администрациянын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Ага ылайык, Алтынбек Эргешов президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
— Мурат Укушов президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
— Кубатбек Кожоналиев президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
— Алмаз Исанов президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү