ИИМдин күзөт башкармалыгынын башчысы кармалды
- 4 недели мурун
- Видео
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт башкармалыгынын башчысы А.Т.А. 10-декабрда козголгон кылмыш иштин алкагында кызматкерлерден пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, А.Т.А. 2024-жылдан тартып, Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка жактар аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин иш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтарууга алган иш таап бергендиги үчүн чогултулуп турган.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар ИИМдин башка кызматкернлерин аныктоо боюнча тергөө иштри улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




