Президент жергиликтүү жамаат өкүлдөрүн куттуктады
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, кыргызстандыктарды жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.
“Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталаарын эске алганыбызда, административдик-аймактык реформанын ишке ашырылышы менен ыкчам темпте алдыга жылабыз деген ишенимдебиз” деп айтылат куттуктоодо.
“Элибиздин урагыс биримдигин, ынтымагын сактоодо, айылдарыбыздын, шаарларыбыздын турмуш шартын жакшыртууда, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир тургундун бакубатчылыгын камсыз кылууда, ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилибизди сактап, кийинки муунга жеткирүүдө сиздердин салымыңыздардын зор экенин дагы бир жолу баса белгилейм” деди мамлекет башчы куттуктоонун соңунда.
Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисинде жергиликтүү жамааттар күнү белгиленет. Бул майрам президенттин 2003-жылдын 15-январында кабыл алган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыгына ылайык, 2003-жылдын 6-мартында өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Сүрөт: Жергиликтүү жамааттар. Интернет булактарынан




